Эс алуу күндөрү аба ырайы кандай болот

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн адам. Архив
Кол чатыр көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нооруз майрамына карата 18-19-20-21-март Кыргызстанда эс алуу күндөрү деп жарыяланды.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Аталган күндөрү өлкө аймагында аба ырайы нөлдөн жогору болгону менен маал-маалы менен өзгөрүп турарын Кыргызгидромет билдирди.

18-мартта Чүй, Талас өрөөндөрүндө күндүз 10 градуска чейин жылуу болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 12 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көлдө +2…+7 градуска жетсе, Нарында 5 градуска чейин суук болот.

Принудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош - Sputnik Кыргызстан
Ат-Башы: Ак-Сай кыштоосундагы малчыларга жол 25-марттан кийин ачылышы мүмкүн
Ал эми 19-мартта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар түшөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде катуу жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

20-мартта Ысык-Көл облусунда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. Чүй, Нарын облустарында түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаап, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күн ачык болот.

Ал эми 21-мартта аба ырайы кескин өзгөрбөстөн ушундай эле аба ырайы сакталарын Кыргызгидромет билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0