Бирдиктүү салык декларациясы 1-апрелге чейин кабыл алынат

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүПодача налоговых деклараций в Налоговую инспекцию города Сочи
Подача налоговых деклараций в Налоговую инспекцию города Сочи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 20-мартынан тарта салык төлөөчүлөр үчүн Бирдиктүү салык декларациясы кабыл алынат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, декларациялар бардык салык органдарында майрам жана дем алыш күндөрүн кошкондо 31-мартка чейин, саат 09.00дөн 24.00гө чейин кабыл алынат.

"Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар 1-апрелге чейин Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү", — деп жазылат маалыматта.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Бирдиктүү салык декларациясын ким, качан, кантип тапшырышы керек

Жаңылыктар түрмөгү
0