Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматты онлайн-режимде алууга жол ачылды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүТурак үйдүн макети. Архив
Турак үйдүн макети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул кызматты колдонуу үчүн электрондук кызмат көрсөтүү порталына катталуу керек.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстандыктарга кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды онлайн-режимде алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кызматтын расмий сайтындагы кыймылсыз мүлк бөлүмүнө ыкчам маалымат алуу боюнча жаңы кызмат кошулду.

"Мындай тез кызмат көрсөтүү кыймылсыз мүлк жөнүндө бирдиктүү маалымат системасын киргизүү менен ишке ашкан. Жаңы кызмат аркылуу өлкө боюнча катталган кыймылсыз мүлк тууралуу маалыматтарды алууга болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Эржигитов: паспортту бир күндө жасатуу кызматы Бишкек менен Чүйдө жеткиликтүү
Буга чейин мындай кызмат райондун гана деңгээлинде иштеп келген.

Бул кызматты колдонуу үчүн электрондук кызмат көрсөтүү порталына катталуу керек. Колдонуучулардын ыңгайлуулугу үчүн KICB банкынын терминалдары үчүн кызмат акысын төлөө киргизилген. Учурда бул кызматты 135 юридикалык тарап жана 101 жеке тарап такай колдонуп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0