Аба ырайы: эртең жаан жаайт

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн кыз. Архив
Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Эртең, 16-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаап, ала булут каптайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Өрөөндөрдө зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

"Бишкек шаарында күн 2 градус сууктан 5 градуска чейин жылыйт. Ош шаарында болсо күндүн табы 5-7 градуска чейин көтөрүлөт", — деп жазылат маалыматта.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында күн ачык болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0