Өткөн жыл авиакырсыктар боюнча рекорд койду

© AFP / Raul ARBOLEDA / STRКрушение самолета с бразильскими футболистами на борту в Колумбии
Крушение самолета с бразильскими футболистами на борту в Колумбии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча 2016-жылы абадагы кырсыктардын 94 пайызы "адамдык факторлордон" улам болгон.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Көз карандасыз шериктеш мамлекеттердин жарандык авиация боюнча өлкөлөр аралык келишиминде авиакырсыктар боюнча рекорд коюлду. Бул туурасында Мамлекеттер аралык авиация комитети (МАК) билдирди.

Крушение самолета Boeing-747 в Дача-СУ - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: авиакырсыктан жабыркагандар үчүн атайын эсеп жабылды
2016-жылы Көз карандасыз шериктеш мамлекеттердин (КМШ) жарандык авиациясында 63 окуя болуп, анын ичинен 28и кырсык деп катталып, андан 74 адам каза тапкан. Булардын ичинен коммерциялык максаттагы авиация боюнча 28 окуя болсо, анын 11и трагедияга айланып, 44 адамдын өмүрүн алып кеткен.

Жалпы авиацияда 35 окуя катталса, анын 17си адам өмүрүн алган кырсык болгон. Мындан 30 киши каза тапкан.

"МАКтын 25 жылдык ишмердүүлүгүнөн бери 2016-жылы авиакырсыктар (63) жана аны иликтөөлөр боюнча кайгылуу "рекорд" койду. Акыркы жылдары коммерциялык учуулардын коопсуздугу жакшырып келе жаткан тенденция зыянга учурады", — деп айтылат МАКтын тараткан билдирүүсүндө.

Алдын ала маалыматтар боюнча 2016-жылы абадагы кырсыктардын 94 пайызы "адамдык факторлордон" улам болгон.

Вице-премьер министр Мухамметкалый Абулгазиев Дача СУ айылынын жашоочулары менен жолугушууда - Sputnik Кыргызстан
Абулгазиев: Дача айылынын тургундарына жаңы үй же батир алууга жардам берилет
"Авиациялык кырсыктардын арасынан экипаждын мурда болгон — учуу-конуудагы каталары менен сабатсыз жасаган аракеттери, метеошарттарга кабылганда аба мейкиндигиндеги аба кемелердин көзөмөлүн жоготуу белгиленген. Анча жогору эмес бийиктикке учууда кез келген тоскоолдуктар менен урунуу, учакты башкарууда жерге бир тийип — визуалдык учуулардын тартибине туура келбөө катталган. Багыт алган жолдо аба ырайынын шарттарын эске албоо, пилоттордун жетишерлик эмес даярдыгы, кызуу же башка абалда болуп учакты башкаруу кездешкен", — деген себептер саналган.

Жалпы авиацияда эски, мөөнөтү бүткөн же сертификаты жок учактарды колдонуу дагы деле уланууда. Катталган аба кемелерине, жеке тараптардын абага көтөрүлүүсүнүн мыйзамдуулугуна көзөмөл кылган Жарандык авиациянын иши майнапсыз жана жетишсиз болууда. Жалпы учуулардын саны жана сапаты боюнча статистикалык маалыматтар менен мурдагыдай эле камсыз болбогондук авиациянын бул сегментиндеги коопсуздук деңгээлин аныктоону кыйындатып келет.

"2016-жылдагы жана андан мурдагы убакыттагы авиациялык кырсыктар изилденгенден кийин анализдер жасалып, Отчетто аталган макулдашуунун авиациялык администрациянын жетекчилерине бериле турган сунуштар жазылды. Бул учуулардын коопсуз болуусун жогорулатууга багытталган", — деп айтылат маалыматта.

МАК берилген 23 сунуштун көбү экинчи ирет айтылса, алардын бир катарлары бир топ жылдан бери эле берилип келгенин билдирген.

Асман менен жер учкучтардын көзү менен. Асманда кайкып учкан аскер учагы - Sputnik Кыргызстан
Асман менен жер учкучтардын көзү менен. Асманда кайкып учкан аскер учагы
Мындан туура бир ай мурда, 16-январда эртең мененки 7:30дарда Бишкекке жакын жердеги Дача айылына Түркиянын АСТ авиакомпаниясына таандык жүк ташуучу учак кулап, кыргыз эли кан жуткан эле. Бул кырсык 39 кишинин өмүрүн алган. Арасында ымыркайлар дагы бар болчу.

Учурда МАК бул кырсыктын себебин изилдеп жатат.

КМШнын 12 өлкөсү жарандык авиация жана аба транспортун колдонуу боюнча мамлекеттер аралык келишимге кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0