Окуучулардын жазгы каникулу 10 күнгө созулат

© Sputnik / Табылды КадырбековМектеп окуучусу сабак учурунда. Архив
Мектеп окуучусу сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү министрлиги 2016-2017-окуу жылынын базистик планына таянуу менен маалымат таратты.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Кыргызстанда окуучулардын жазгы каникулу 21-мартта башталып 30-мартка чейин созула турганын Sputnik агенттигине Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Аталган мекеме 2016-2017-окуу жылынын базистик планына таянуу менен маалымат таратты.

"Планга ылайык, жазгы каникул 10 күнгө созулат. Былтыр да балдар эс алууга ушундай эле убакытка чыгышкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 21-март күнү Кыргызстанда Нооруз майрамы белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0