Кыргызстанда эртең жаан-чачын күтүлбөйт

© Sputnik / Табылды КадырбековНасирдин Исановдун айкели. Архив
Насирдин Исановдун айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгысекундасына 2-7 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Эртең, 12-мартта, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү ыктымал. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгысекундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Бишкекте абанын температурасы 3, ал эми Ош шаарында 8 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0