Аба ырайы: ишемби күнү өлкө аймагында кар жаап, суук болот

Жазылуу
Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Ишемби күнү өлкө аймагында кар жаап, суук болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Ага ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо туман түшөт.

"Бишкекте түнкүсүн 8 градус суук болсо, күндүз 2 градуска чейин суук болот. Ал эми Ошто түнкүсүн 3 градус суук, күндүз 6 градус жылуу болушу күтүлөт", — деп жазылат маалыматта.

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз айрым жерлерде кар жаашы ыктымал. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0