Аба ырайы: эртең өлкө аймагында күн ачык болот

© Sputnik / Табылды КадырбековПолитехникалык университети. Архив
Политехникалык университети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Эртең өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Велосипед тееп бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Март айына карата аба ырайы
Ага ылайык, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Бишкек шаарында түнкүсүн 4 градус суук, күндүз 6 градус жылуу болот. Ал эми Ошто түнкүсүн 2 градус суук, күндүз 8 градуска чейин жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0