Ишемби күнү түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКар учурунда көчөдө бараткан кыз. Архив
Кар учурунда көчөдө бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Ишемби күнү түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Провод зимы в Сулюкте - Sputnik Кыргызстан
Сүлүктүдө кыштын акыркы күнү майрамдалды
Ага ылайык, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Бишкек шаарында түнкүсүн 8 градус суук, күндүз 3 градус жылуу болот. Ал эми Ошто болсо түнкүсүн 4 градус суук болсо, күндүз абанын температурасы 5 градуска чейин жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0