Кыргызстанда эртең да кар жаайт

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Жума күнү өлкө боюнча мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

"Бишкек шаарында түнкүсүн 7, күндүз 3 градус суук болот. Ошто түнкүсүн 4 градус суук, күндүз 3 градус жылуу болот", — деп жазылат маалыматта.

Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0