Шейшембиде күн ачык болот

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Эртең өлкөдө түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда бир аз кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

"Бишкек жана Ош шаарында күндүн табы 14-15 градуска чейин жылыйт", — деп жазылат маалыматта.

Ал эми 2-3-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Өрөөндөрдө зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0