Бишкекте дүйшөмбү күнү 16 градус жылуу болот

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Деятельность муниципального предприятия "Тазалык"
Деятельность муниципального предприятия Тазалык - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Дүйшөмбүдө өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Ош шаарында түнкүсүн 6 градус суук болсо, күндүз 11 градуска чейин күн жылыйт. Борбор калаада түнкүсүн 7 градус суук, күндүз 16 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0