Аба ырайы: жекшембиде өлкө аймагында жаан жаайт

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн кыздын архивдик сүрөтү
Кол чатыр көтөргөн кыздын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоолуу райондордо кар көчкү коркунучу сакталат.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Жекшемби күнү өлкө аймагында жаан-чачын болуп, тоолуу аймактарда абанын температурасы көтөрүлгөнүнө байланыштуу кар көчкү корнукучу жараларын Кыргызгидрометтен билдиришти.

Батыштан соккон желдин ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

"Бишкекте түнкүсүн —1+1 болсо, күндүз 4-6 градус жылуу болот. Ош шаарында түнкүсүн —1+1, күндүз 5-7 жылуу", — деп жазылат маалыматта.

Ал эми күндүзү Чүйдө 1-6, Таласта 0-5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен обулстарында 2-7, Ысык-Көлдө 6 градус жылуу болсо, Нарында —5-10 градус суук болушу күтүлүүдө.

Кар көчкү түшүү коркунучунан улам ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экенин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0