Аба ырайы: ишембиде күн ачык болот

Жазылуу
Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Ишемби күнү Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Ага ылайык, жолдор тайгак, тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

"Бишкекте түнкүсүн 1-3 градус суук болсо, күндүз 7-9 градус жылуу болот. Ош шаарында Бишкекке караганда 2 градуска суук болушу күтүлүп жатат", — деп жазылат маалыматта.

Чүйдө 4-9, Таласта 3-8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен обулстарында 4-9, Ысык-Көлдө 6 градус жылуу болсо, Нарында 7-12 градус суук болушу күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0