Жума күнү өлкө аймагында күн ачык болот

Жазылуу
Нарын облусунан башка дубандардын баарында абанын температурасы 10-12 градуска чейин көтөрүлөт.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Эртең, 24-февраль күнү Кыргызстандын аймагында күн жылуу болорун Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Жаан-чачын күтүлбөйт. Нарын облусунан башка дубандардын баарында абанын температурасы 10-12 градуска чейин жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0