Аба ырайы: эртең өлкөнүн айрым аймактарын туман каптайт

Жазылуу
Жолдор тоңголок, тайгак болуп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Эртең өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир аймактарына туман түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чоң-Алайдагы көчкү: энеси эки баласын калкалап, дагы экөөнү чыгарганга жетишпей калган
Жолдор тоңголок, тайгак болуп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Ысык-Көлдө түнкүсүн —10…-15, күндүз 3 градуска чейин жылыйт. Нарында түнкүсүн —22…-27, күндүз —5…-10 градус суук болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн —8…-13, күндүз 3 градуска жылуу болот.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн —8…-13, күндүз 3 градус жылуу болсо, Таласта түнкүсүн —12…-17, күндүз 3 градуска жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0