Үч күнгө карата аба ырайы. Өлкөдө күн суук болот

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кыргызстанда 18-19-февралда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Өрөөндөрдө зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тайгак, тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Руководитель пресс-службы МЧС КР Эльмира Шерипова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Элмира Шерипова: 22-февралга чейин кооптуу аймактарда кар көчкү атып түшүрүлөт
19-февраль. Чүй менен Талас облустарында түнкүсүн 8, күндүз 6 градуска чейин суук болот. 

Ош менен Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7, күндүз 5 градус нөлдөн төмөн болот. 

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн термометрдин көрсөткүчү 7 градуска чейин түшүп, күндүз +1 градус жылуу болот. 

Нарын облусунда түнкүсүн 12, күндүз 2-7 градус нөлдөн төмөн болот. 

Бишкекте жекшемби күнү кечинде аба ырайы 6 градуска чейин төмөндөйт, күндүз 0дөн 5 градуска чейин сууйт.

20-21-февралда абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн Чүй өрөөнүндө —8…-13°, Сокулук районунда жана Талас өрөөнүндө —10…-15°, күндүз —2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн —5…-10°, күндүз 0…-5° суук болот.

Тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн —8…-13°, күндүз —2…-7° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн —20…-25°, күндүз —11…-16° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн —28…-33°, күндүз —15…-20° суук болушу күтүлөт.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0