Аба ырайы: эртең өлкөдө катуу кар жаашы күтүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековПоследствия обильного дождя в декабре в Бишкеке
Последствия обильного дождя в декабре в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү пайда болот.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Ишембиде көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Чаткалда жааран калын кар - Sputnik Кыргызстан
Кар каатына кабылган чаткалдыктарга гумжардам жөнөтүлдү
Маалыматка ылайык, өрөөндөрдө зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү пайда болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Чүй жана Таласта 1…3 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткенде 2… 3 градус жылуу болсо, Ысык-Көлдө 1 градус жылуу болот. Ал эми Нарында 5 градус суук болушу күтүлүүдө.

Бишкек жана Ош шаарларында 4 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0