Кыргызстанда былтыр коррупция боюнча 375 кызматкер соттолду

Жазылуу
Өткөн жылы коррупция боюнча мыйзам бузгандардан 1,5 миллион сомдон ашык айып пул төлөтүлдү.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Былтыр Кыргызстанда сот 375 кызмат адамына коррупциялык кылмыштар боюнча күнөөлүү деген чечим чыгарганын Башкы прокуратурадан билдиришти.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаты Музаффар Исаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
КСДПнын депутаты Музаффар Исаковго кылмыш иши козголду
Маалыматка караганда, прокуратура органдары 12 айдын ичинде паракорлордун айынан жок болгон 196,4 миллион сомдун ордун толтурууга жетишкен.

Коррупция боюнча мыйзам бузгандыгы үчүн дисциплиналык жоопкерчиликке 1 568 аткаминер, административдик жоопкерчиликке ар кайсы структурадан 226 кызматкер тартылды. Ал эми коррупциялык кылмыштар боюнча жалпысынан 812 иш козголгон.

Аягына чыгарылган кылмыш иштери боюнча 506,7 миллион сомдук чыгым кайтарылды.

Жалпысынан өткөн жылы сот кызматтык кылмыштар боюнча 549 ишти караган.

Жаңылыктар түрмөгү
0