Аба ырайы: эртең айрым аймактарда кар жаашы мүмкүн

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКар жаап жаткан учурда көчөдө бараткан адамдар. Архив
Кар жаап жаткан учурда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Өлкөнүн айрым аймактарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

"Бишкекте 7, Ошто 8 градус жылуу болуусу күтүлүүүдө", — деп жазылат маалыматта.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаашы, айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.

Ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0