Рейтинг: үй-бүлөнү эркек гана башкарган Кыргызстандын аймактары

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезентация проекта под названием "Войлочный мир — дух кочевья" в городе Бишкек
Презентация проекта под названием Войлочный мир — дух кочевья в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөө учурунда жарандар канчалык билимдүү болсо патриархаттык көз караштан алыс болору аныкталган.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Кыргызстандын кайсы аймагындагы үй-бүлөлөрдө чечимди көбүнчө эркектер кабыл аларын M-Vector изилдөөчү-консалтинг компаниясы иликтеп көргөн.

Анын жыйынтыктарына караганда, патриархаттык үй-бүлөлөр Талас облусунда жашайт экен. Жергиликтүү жашоочулардын ар бир төртөөнүн үчөө үйдү эркек башкарышы керек деп эсептейт.

Ал эми борбор калаанын тургундары либералдуураак келишет. Бишкектиктердин 49 гана пайызы үй-бүлөдөгү чечимдердин бардыгын эркек кабыл алышы керек деп эсептешет.

Жалпысынан алып караганда кыргызстандыктардын 59 пайызы үйдүн башчысы эркек деп эсептесе, тургундардын бир гана пайызы добушун аялдарга берген. Ал эми сурамжылангандардын 39 пайызы түгөйлөр тең укуктуу болушу керектигин айтышкан.

Изилдөөлөр жарандардын билим деңгээли канчалык жогору болсо, алардын арасында патриархалдуу көз караштагылар аз кездешерин көрсөткөн.

Депутат Эльмира Джумалиева - Sputnik Кыргызстан
Радио
Элмира Жумалиева: аялдар эркектерге салыштырмалуу саясий оюндарга аралашпайт
Жогорку билими жок кыргызстандыктардын 75 пайызы үйдү эркек башкарышы керек десе, димпломдуулардын 53 пайызы бул пикирге кошулган.

Ошондой эле кыз-келиндердин 56 пайызы эки тизгин, бир чылбырды эркектерге өз калоосу менен тапшырарын билдиришкен. Ал эми эркектердин 61 пайызы өзүн үй-бүлөдөгү эң башкы фигура экенин айтышкан.

Сурамжылоо Кыргызстандын бардык аймактарында телефон чалуу жолу менен жүргүзүлгөн. Ага 18 жаштан өйдө курактагы эркектер менен аялдар (1000) катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0