Казакстанда 9 жаштагы бала атасынын автоматы менен ойноп жатып каза болду

© flickr.com / Geoffrey FairchildДуло автомата Калашникова
Дуло автомата Калашникова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоматты улуттук коопсуздук комитетине караштуу аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан атасы үйүнө алып келген.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Казакстандын Кызыл-Ордо облусунда тогуз жаштагы бала атасынын автоматы менен ойноп жатып каза болду. Бул туурасында Sputnik Казакстан маалымат агенттиги билдирет. 

Алдын ала маалыматтарга караганда, автоматты үйгө улуттук коопсуздук комитетине караштуу аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан атасы алып келип, кайсы маалда баласы капыстан ок чыгарып жибергенин байкабай калган.

Аскер бөлүктө иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0