Аба ырайы: түнкүсүн кар жаап, күндүз күн ачык болот

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы шаар жашоочулары. Архив
Ала-Тоо аянтындагы шаар жашоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Ишембиде түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

"Бишкек шаарында 2 градус суук болсо, Ошто 4 градус жылуу болот", — деп жазылат маалыматта.

Бишкек — Ош (132-137, 198-255-чакырымдарында), Казарман — Актал-Чат жана Арал — Миң-Куш (67-94, 42-45 жана 1-10 чакырымдары), Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу (65-110, 140-150-чакырымдары), Ала-Бука — Каныш-Кыя жана Красная-Горка — Акташ (65-100 жана 1-9 чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0