Кыргызстанда жазындагы аскерге чакыруу башталды

Жазылуу
Аскердик жана альтернативдик кызматын өтөп бүткөн аскер кызматчылары Куралдуу күчтөрдүн катарынан запаска бошотулат.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, жарлык үстүбүздөгү жылдын март-май айларында жарандарды аскердик кызмат өтөөгө чакырууга карата кабыл алынган.

Кыргызстандын аскер күчтөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кургактагы аскерлер түзүлүп, Улуттук гвардия Генштабга баш иймей болду
Документке ылайык, аскерге чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон жана чакырууну кийинкиге калтыруу укугунан ажыраган эркек балдар өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөргө жана аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарга кызматка чакырылат.

Ал эми аскердик жана альтернативдик кызматын өтөп бүткөн аскер кызматчылары Куралдуу күчтөрдүн катарынан запаска бошотулат.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0