Башкы прокуратура соцтармактардагы топторду жаап салууну сунуштап жатат

© Sputnik / Жоомарт УраимовЗаблокированные сайты в КР
Заблокированные сайты в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы көзөмөлдөөчү орган бул кадам өспүрүмдөрдү камкордукка алуу максатында жасалып жатканын билдирди.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура өспүрүмдөрдүн саламаттыгына залака тийгизген сайттарды жаап салууну пландап жатат. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Башкы көзөмөлдөөчү орган бул кадам өспүрүмдөрдү камкордукка алуу максатында жасалып жатканын кошумчалады.

"7-февралда Башкы прокуратура Бишкектеги Октябрь райондук сотуна доо арыз менен кайрылды. Анда Кыргызстандын аймагында интернет аркылуу жайылтууга тыюу салынган маалыматтар камтылган сайттарды жаап салуу сунушу берилген", — деп айтылат маалыматта.

Фото со страницы Facebook пользователя ‎El Dorado - Sputnik Кыргызстан
Социалдык тармакта "Антикит" флешмобу өтүп жатат
Учурда атайын түзүлгөн жумушчу топ интернеттеги сайттарга мониторинг жүргүзө баштаган. Алар өспүрүмдөрдүн саламаттыгына зыян келтирген маалыматтар камтылган сайттарды аныкташат.

Ведомстволор аралык топтун курамына шаардык прокуратуранын кызматкерлеринен сырткары, Мамлекеттик информациялык технологиялар жана байланыш комитети, Бишкек шаардык ИИБ, Бишкектин билим берүү башкармалыгы жана коммерциялык эмес уюмдун өкүлдөрү кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0