Эртең өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт

Жазылуу
Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Эртең өлкө боюнча күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.

Жолдорду кардан тазалоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чоң-Алайга түшкөн калың кардан айрым айылдардын жолу тазалана элек
Маалыматка ылайык, шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө күндүз 6 градуска чейин жылуу болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн —2…-9 градус суук болсо, күндүз +6…+7 градус жылуу болот. Ысык-Көлдө түндө —11 градуска чейин суук болсо, күндүз 6 градус жылуу болот. Ал эми Нарында —26 градус, күндүз —7…-12 градус суук болот.

Бишкек шаарында түндө —8 градуска чейин суук, күндүз аба ырайы 7 градуска чейин жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0