Кыргызстанда 86 экстремисттик сайтка тыюу салынды

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүКомпьютерде иштеп жаткан адам. Архив
Компьютерде иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган сайттар экстремизм, терроризмди жайылтат деп табылган.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Өткөн жылы өлкө аймагында 86 интернет сайт жабылган. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган сайттар экстремизим, терроризмди жайылтууда деген кине менен иши токтотулган.

Компьютерде иштеп жаткан маскачан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
УКМК IP-даректи кантип таап аларын адистер айтып берди
"Эктремизм, терроризмге каршы күрөшүү, улуттар аралык араздашуунун алдын алуу боюнча прокуратура тарабынан өткөн жылы 203 ирет текшерүү болуп, 76 жолу мыйзам бузууну жоюу боюнча көрсөтмө берилген. Мындан сырткары, 219 мамлекеттик кызматкер дисциплинардык жазага тартылган. ИИМ УКМК менен биргеликте иш алып барып, сотко экстремизмди жайылтууга тиешеси бар делген сайттардын тизмеги берилип, 86 сайтты жабуу боюнча чечим чыгккан", — деп жазылат маалыматта.

Башкы прокуратура бүгүнкү күндө сайттарга көзөмөл жүргүзүүнү улантууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0