Аба ырайы: өлкө аймагында кар жаашы мүмкүн

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. 5-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда катуу кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

"Бишкек, Ош шаарларында 6 градустан 8 градуска чейин суук болот", — деп жазылат маалыматта.

Бишкек — Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу менен Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүшү мүмкүн. Андан сырткары Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу, Ала-Бука — Каныш-Кыя, Казарман — Актал-Чат автоунаа жолуна дагы кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Андан сырткары, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

ӨКМ унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0