Кыргызстанда 14 миңден ашык жаран салык декларациясын тапшырды

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүСалык декларациясын толтуруп жаткан жарандын архивдик сүрөтү
Салык декларациясын толтуруп жаткан жарандын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке жактарга 2000 сом, ал эми юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Февраль айына карата 14 миңден ашык кыргызстандык жаран бирдиктүү салык декларациясын тапшырганын аталган ведомстводон кабарлашты.

Билдирмеге караганда, 1-мартка чейин юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар салык органдарына отчет берүүсү керек.

"Февраль айына карата 14 миң 209 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Алардын ичинен 3 миң 313ү — юридикалык жак, 8 миң 547си — жеке ишкерлер жана 2 миң 349у — жеке жак болуп эсептелет", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке жактарга 2000 сом жана юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Декларациялык кампания тууралуу толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 194 номурунан же сайтынан алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0