Февралдын биринчи күнү суук болот

Жазылуу
Кыргызгидромет туруксуз аба ырайы дагы 2-3 күнгө чейиин сакталарын белгиледи.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Эртең, 1-февралда абанын температурасы төмөндөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Жол белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кар көчкү түшө турган аймактар — карта
Маалыматка ылайык, Чүй өрөөнүнүн түндүгүндө жана Таласта —8…-13 градус, күндүз 4 градуска чейин жылуу болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн —3…-8 градус суук, күндүз —1 градус сууктан…+4 градуска чейин жылыйт. Тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн —9…-14 градус суук, күндүз 0…5 градус жылуу, Нарын облусунунда түнкүсүн —19…-24 градус, күндүз —6…-11 градус суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоолордо малды кармоону кыйындатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0