Өлкөдө балдардын 20 пайызы гана бала бакчага барат

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүБала бакчадагы наристе. Архив
Бала бакчадагы наристе. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Менчиктештирилип кеткен 1500 объект кайра мамлекетке алынган.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Кыргызстанда үч жаштан беш жашка чейинки балдардын 80 пайызы бала-бакчалардын жетишсиздигинен улам ал жакка бара албайт. Бул тууралуу вице-премьер Чолпон Султанбекова өкмөт отурумунда билдирди.

Анын айтымында, бийлик буга чейин мыйзамсыз жеке тараптарга өтүп кеткен бала-бакча имараттарын кайтарып алуу аракеттерин көрүүдө. Учурда 1500 объект кайра мамлекетке алынды.

Ошондой эле Султанбекова Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду социалдык имараттарды артка кайтаруунун жолун иштеп чыгышы керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0