Кыргызгидромет: дүйшөмбү күнү айрым аймактарда кар жаайт

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКөгүчкөндөр. Архив
Көгүчкөндөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Дүйшөмбүдө республиканын айрым аймактарында кар жаап, жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады. 

Жол белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кар көчкү түшө турган аймактар — карта
Маалыматка караганда, Ош, Жалал-Абад облустарында зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тайгак, тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү пайда болот. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге чейин жетет. 

Бишкек менен Ош шаарларында түнкүсүн 3, ал эми күндүз 7 градуска чейин жылуу болот. 

Калган аймактарда —1 градустан 7 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0