ПРООН: Кыргызстанда ВИЧ менен жабыркагандар жакында үч эсеге көбөйөт

Жазылуу
Эл аралык уюм өлкө бийлигине ооруну алдын алуу үчүн акча бөлүүнү сунуштап жатат.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргызстанда ВИЧ боюнча эпидемиологиялык абал начарлап бара жатат. 2020-жылга карата аталган вирусту алып жүргөн 20 миңге чукул адам катталышы мүмкүн. Бул туурасында Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын тараткан кабарында айтылган.

Ал эми сегиз миң адам өз учурунда дарыланбагандыгы жана профилактикалык программалардын жеткиликтүү болгондугунан улам каза табат деген кооптонуу бар. 1-январга карата өлкөдө ВИЧ илдетин жуктуруп алган 7 100 адам катталган, ал эми былтыр 712ге аз кездешкен.

"Эгерде аталган илдеттен жабыркаган 20 миң адам пайда болсо, абал кантет? Дары-дармекке эле жылына 4 миллион долларга жакын каражат керектелет. Андыктан, буга мамлекет азыртадан көңүл буруп, миллиондогон каражаттарды маанилүү делген топтордун профилактикалык программаларына багытташы зарыл", — деп жазылган маалыматта.

Аталган уюм бул маселе боюнча абал жакында, 31-январда талкууланаарын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0