Өлкөнүн көпчүлүк аймактарына туман түшөт

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. 25-январда түнкүсүн Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Кар көчкүнү атайылап түшүрүү иш-чаралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бүгүн тоолуу аймактардагы автоунаа жолдорунда кар көчкү атайылап түшүрүлөт
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак, тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү түшөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн —6…-11 градус суук, күндүз —3…-8 градус суук болот. Таласта түндө 13 градуска чейин суук болсо, күндүз 2 градуска чейин жылыйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 8 градуска чейин төмөндөсө, күндүз 3 градуска чейин жылыйт.

Ысык-Көл облусунда түндө 11 градуска чейин суук болсо, күндүз 3 градуска чейин жылуу болот. Ал эми Нарында түндө 23 градус суук болсо, күндүз абанын температурасы —6…-11 градуска чейин төмөн болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0