Төбөдө илинген видеокамера. Экзамен тапшырган студенттин абалы эми "оорлоду"

© AFP / MICHAEL DALDER / POOLЭкзамен учурундагы студенттин архивдик сүрөтү
Экзамен учурундагы студенттин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлиги бардык экзамендер жазылып калуусу үчүн видеокамераларды орнотуу боюнча буйрук чыгарды. Анын максатын жана каржы маселесин Sputnik Кыргызстан агенттиги иликтеп көрдү.

Министрлик чыгарган буйрукка ылайык, жогорку окуу жайлар 20-январдан тарта бардык экзамендерди жазып алуу үчүн видеокамера сатып ала башташы керек. Бул жаатта эң көп берилчү суроолорго Sputnik Кыргызстан агенттиги министрликтен жооп алды.

Максаты эмне? 

Коррупция менен күрөшүү. Коомчулукта дипломду жөн эле сатып алгандар да кездешет. Эми камеранын жардамы менен ким окууга келип, ким келбей жүргөнүн так аныктап алууга болот.

Биз үчүн бул жаңылыкпы?

Чехиянын Прага шаарындагы Банк институтунда Евробиримдиктин Эразмус Мундус долбоору аркылуу окуп жаткан кыргызстандык студент Айгерим Темирбекова - Sputnik Кыргызстан
Чехияда окуган Айгерим: 1000 евро стипендия алып, бай чехтердин катарындамын
Жок. 2014-жылдан тарта өлкөдөгү бардык жогорку окуу жайларда Кыргызстандын тарыхы боюнча экзамен видеокөзөмөл алдында өткөрүлөт. Бул сабак жөн жерден тандалып алынган эмес, дал ушул тарыхтан студенттер мугалимдерге көп пара берери аныкталган.

Видеокамера кайсы экзамен учурунда иштейт?

ЖОЖдо боло турган экзамендердин баарына тиешелүү.

Зачетторду тапшыруу видеокөзөмөлдүн алдында болобу? 

2015-жылдан бери жаңы билим берүү стандарты бекитилген. Ага ылайык эми ЖОЖдордо зачеттор берилбейт, экзамендер гана өтөт.

Бул бааны "автоматтык" түрдө алууга чек коебу?

Эгер модулдардын жыйынтыгы менен 60 балл топтой алган болсо, 3 деген баага макул боло берсе болот. Ал эми "жакшы" же "эң жакшы" деген бааларды каалагандар чыкса, экзамен тапшырууга туура келет. 

Экзаменде жоопторду көчүрүп алганың камерага жазылып калса эмне болот?

Анда жазаны ЖОЖ өзүнүн Академиялык чынчылдык кодексине ылайык белгилейт. Көчүрүп алганы аныкталса, студент жазасын тартат. Ошол сабактан эки алат дагы, курсту кайталап окуп чыгууга туура келет. 

Жаңы шарттар качан иштей баштайт?

Ушул жылдын жаз-жай мезгилдеринде, демек эмки сессиядан тарта башталат. 

Видеокөзөмөлдө жазылгандарды ким текшерет? 

Жазуулар архивде сакталат. Билим берүү министрлиги ар бир сессия жана мамлекеттик экзамендин жыйынтыгы чыгары менен тартип бузууларды видео аркылуу карап чыгууга убада беришүүдө.

Окуу жайлардын камера сатып алууга дарамети жетеби? 

Мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЕБ бөлгөн 10 млн. еврого китеп сатып алынып, мектептерге интернет киргизилет
Билим берүү министрлиги окуу жайлардын бардыгы камера алууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, университеттерге 2014-жылы эле камералар коюла баштаган. Демек техникалык базаны нөлдөн баштоого туура келбейт. Болгону жетишсиз камераларды сатып алуу керек. 

"Банкет" кимдин эсебинен каржыланат?

Жабдыктар студенттер окуу жайга төлөгөн котракттын эсебинен алынат. Ведомстводон кабарлашкандай, камералардын алынышы менен окууга болгон төлөмдүн баасы жогорулабайт. 

Билим берүү министрлигинин келечектеги пландары

Акырындык менен экзамендерди гана эмес өтүлгөн сабактарды дагы камерага жаздыруу пландалып жатат. Учурда бардык аудиторияларына камера коюлган университеттер дагы бар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0