Милдетин так аткарбаган 40 салыкчы түрдүү жазаларга тартылды

© Sputnik / Табылды КадырбековСтолдогу портфельдин архивдик сүрөтү
Столдогу портфельдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылы салыкчыларга нааразы болуп 224 жаран арызданган.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Жарандардын кайрылуусунун негизинде өткөн жылы 40 салыкчы түрдүү жазаларды алып, бир кызматкер жумуштан айдалган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Вице-премьер Чолпон Султанбекованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Султанбекова: элдин жашоосун жакшыртуу үчүн ишкердикке шарт түзөлү
Маалыматка ылайык, 2016-жылы ар кандай арыздануулар жана суроолор менен 224 жаран кайрылган. Анын 87си электрондук почта аркылуу келсе, 66 кайрылуу аймактык бөлүмдөргө түшкөн. Андан сырткары, ишеним телефондоруна чалгандар да болгон. Жүздөн ашуу жаранды аталган мекеменин жетекчилиги кабыл алган. 

Кайрылуулардын негизинде 20 кызматкерге эскертүү, 15ине сөгүш, бешөөнө кызматкерге катуу сөгүш жарыяланган.

Булардан сырткары кесиптик этиканы сактаганбагандыгы үчүн бир кызматкер жумуштан айдалса, үч салыкчы катуу сөгүш алган. Ошондой эле алты кызматкерге эскертүү берилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0