Кыргызгидромет: шейшембиде катуу кар жаайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКар учурунда көчөдө бараткан адамдын архивдик сүрөтү
Кар учурунда көчөдө бараткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Шейшемби күнү өлкөнүн айрым аймактарында катуу кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетет.

"Бишкек жана Ош шаарларында —2…-3 градус суук болот", — деп жазылат маалыматта.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика менен коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоолордо малды кармоону кыйындатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0