Кыргызстан таланттууларга түзүп берген шарты боюнча Азияда 3-орунда турат

© Sputnik / Табылды КадырбековСтуденты провели акцию в честь Дня Государственного флага Кыргызстана в парке имени Даира Асанова в Бишкеке.
Студенты провели акцию в честь Дня Государственного флага Кыргызстана в парке имени Даира Асанова в Бишкеке. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2017-жылы таланттуу кызматкерлерди эң кызыктырган өлкө Швейцария экени аныкталды.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. The Global Talent Competitiveness Index — 2017 (GTCI, таланттардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү рейтинги) рейтингинде Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча 87-орунду, Азия боюнча 3-орунду ээледи. Бардыгы болуп иликтөөгө 118 мамлекет катышкан. 

Пляжный сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Forbes: Кыргызстан 2017-жылы туристтердин капчыгына эң ыңгайлуу өлкө болот
Кыргызстан Борбордук жана Түштүк Азия боюнча Казакстан жана Шри-Ланкадан кийин турат. Ал эми жалпы эсеп боюнча Вьетнам (86-орун) менен Египеттин (88-орун) ортосунда.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына караганда, Кыргызстанда ишкерлик кылууга ыңгайлуу шарттар түзүлүп, мунун артынан кесипкөй адистерди тартууга мүмкүнчүлүктөр бар. 

Орто Азия боюнча Казакстан алдыда (53-орун). Ал эми Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан көрсөтүлгөн эмес. 

2017-жылы таланттуу кызматкерлерди эң кызыктырган өлкө Швейцария экени аныкталды. Андан кийин Сингапур, Улуу Британия, АКШ жана Швеция турат. Ошондой эле лидерлер ондугуна Австралия, Люксембург, Дания, Финляндия жана Норвегия кирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0