Шашылыш билдирүү! Айрым жолдордо көчкү жүрүшү күтүлөт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүВиды Алтая
Виды Алтая - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туруксуз аба ырайынан улам тоолуу участкалардагы каттамдар аркылуу жол жүрүүдөн баш тартуу сунушталат.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам айрым жолдордо кар көчүшү мүмкүндүгүн ӨКМ билдирди. 

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү пайда болушу мүмкүн.

"Бишкек — Ош, Ош — Сары –Таш — Эркечтам, Ош — Мырзаке — Алайкуу, Ала-Бука — Жаңы-База — Канышкыя жолдоруна кар көчкү түшүүүсү күтүлөт", — деп айтылат маалыматта. 

Туруксуз аба ырайынан улам аталган тоолуу участкалардагы каттамдар аркылуу жол жүрүүдөн баш тартуу сунушталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0