Аба ырайы кескин өзгөрүп, айрым аймактарда күн 30га градуска чейин суук болот

© AFP / JONATHAN NACKSTRANDКар учурунда көчөдө бараткан адамдын архивдик сүрөтү
Кар учурунда көчөдө бараткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Келе жаткан аптанын башында өлкөдө катуу суук боло турганы Кыргызгидромет тараткан билдирүүдө айтылды.

Мектепен келаткан окуучулардын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Нарын облусундагы мектептер 23-январдан тарта окуйт
Кыргызстандын айрым аймактарында кар калың түшөт. Жолдор тоңуп, тайгалак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

24-25-январь күндөрү күндүн суукташы күтүлөт:

Чүй облусунда 13 градуска чейин төмөндөп, түнкүсүн 15 градуска чейин суук болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн —8 болсо, күндүз 1 градуска чейин жылыйт.

Ысык-Көлдө түнкүсүн —12 градуска чейин суук болуп, күндүз —6 градуска төмөндөйт.

Ал эми Нарында түнкүсүн —30 градуска чейин төмөндөп, күндүз —18 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0