Өлкөнүн көпчүлүк облустарында туман каптайт

Жазылуу
Жолдор тайгалак болуп шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Өлкө аймагында 18-январда кар жаашы күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Биринчи класстагы учкуч Турар Исмаиловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Учкуч Исмаилов: учактын кулашына бир гана туман себеп болду деп айтууга эрте
Маалыматка ылайык, 18-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында туман каптап, шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Анда Чүй, Ысык-Көл жана Талас облустарында абанын температурасы түнкүсүн —7…-12 градус суук болсо, күндүзү —2…+3 градус жылуу болот. Ал эми Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн —2…-7 градус суук болуп, күндүз абанын температурасы +2…+7 градус жылуу болот. Нарын облусунда күндүз —12…-17 градус суук болсо, түнкүсүн —27…-32 градуска чейин төмөн болот. 

Синоптиктердин айтымында мындай аба ырайы өлкө аймактарында 20-январга чейин сакталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0