Кулаган учактын бир "кара ящиги" табылды

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVКрушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта "Манас"
Крушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми ал чечмелөө үчүн Москвага жеткирилет.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кулаган учактын бир "кара ящиги" табылганын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.

Эске салсак, Гонконг — Стамбул каттамы менен учкан MyCargo Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing-747-400F учагы саат 7.30дар чамасында "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача-Суу айылына кулап түшкөн. Анын кесепетинен отуздан ашык киши каза болуп, 23 үй бузулган. 17-январь Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.

"Аталган учакта канча ящик бар экени белгисиз. Балким экөө же үчөө болушу мүмкүн. Ошолордун бирөө табылды. Аны менен мамлекеттер аралык комитеттин адистери иш алып барат", — деди министр.

Ал ошондой эле мамлекеттер аралык комитеттин кызматкерлери "кара ящикти" окуу үчүн Москвага алып бара турганын кошумчалады.

Учактын кыйрашына байланыштуу бардык маалыматтардын топтомун бул жактан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0