Кыргызгидромет: түнкүсүн кар жаашы күтүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКар учурда аялдамада турган адамдар. Архив
Кар учурда аялдамада турган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. 14-январда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Ал эми күндүз жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. 

Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. 

Бишкек шаарында 2 градус суук болсо, Ошто 1 градус жылуу болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0