Статком: элдин 60%ы ажырашуу аял үчүн уят деп эсептейт

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүГорода России. Владивосток
Города России. Владивосток - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай пикирди негизинен 21-30 жаштагы адамдар билдирген. Ал эми 70тен ашкандар буга көп кошулбайт.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Беш кыргызстандыктын үчөө ажырашуу аялдар үчүн уят нерсе деп эсептей турганы Улуттук статистикалык комитеттин отчетунда айтылат. 

14 февраля — День святого Валентина, день всех влюбленных. - Sputnik Кыргызстан
Канчадасың, чырагым?! Апии-ий, 25тен кийин сени эч ким албайт го…
Маалыматка ылайык, мындай пикирди көбүнесе Жалал-Абаддын тургундары билдиришкен (сурамжылангандардын 95 пайызы), ал эми борбор калаадагы төрт кишинин бири гана түгөйлөрдүн эки ача жолго түшкөнү аял үчүн уят деп эсептей турганы анык болду.

Статкомдун отчетунда негизинен бул пикирди 21-30 жаштагы адамдар айтканы, ал эми 70 жаштан ашкандар буга көп кошулбай турганы келтирилет. Статистика көрсөткөндөй, аялды ажырашканы үчүн уяткаргандар негизинен билими төмөн, материалдык жактан жетишпеген турмушта жашагандар болуп эсептелет.

Баса, Кыргызстанда үй-бүлөсүн сактай албаган эркектерге да көз караш анча жакшы эмес. Аларды уяткаргандар сурамжылоого катышкандардын 53 пайызын түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0