Шейшемби күнү Кыргызстан боюнча жылуу аба ырайы сакталат

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. 11-январда өлкө боюнча күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.

Сузак районуна караштуу Жалгыз-Жаңгак айылындагы жер көчкү - Sputnik Кыргызстан
Сузактагы жер көчкү үйлөргө 50 метрге жакындап калды
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүп, жолдор тоңголок, тайгак болот. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасыга 2-7 метрге жетет.

Чүй жана Талас өрөөндөрүндө күндүз күн 7 градуска чейин жылыйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактары 3 градустан 6 градуска чейин жылуу болот. Ысык-Көл облусунда 5 градуска чейин жылуу, ал эми тоолуу Нарында 15 градус суук болушу күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0