Кыргызгидромет: эртең күн ачык болот

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Шаршемби күнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөй тургандыгын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүп, жолдор тоңголок, тайгак болот. 

"Бишкек шаарында түнкүсүн 5 градус суук, күндүз 6 градус жылуу болот. Ош шаарында түнкүсүн 4 градус суук, 6 градус жылуу болушу күтүлөт", — деп жазылат маалыматта. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0