ЖК: жаңы төрөлгөн ымыркайга 50 миң сомдон берүү сунушталып жатат

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүНоворожденные
Новорожденные - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү эне-бала колдоого алынбаса, өлкөнүн келечеги оор болуп каларын белгилөөдө.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы төрөлгөн ымыркайдын ата-энесине бир жыл бою жөлөк пул төлөөнү сунуштап жатышат. "Мамлекеттин жөлөк пул тууралуу" мыйзамына киргизилчү өзгөртүүлөр коомдук талкууга коюлду.

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ааламга ашыгып келген ымыркайлар. Ара төрөлгөн баланын жашап кетүү дарамети
Мыйзам долбоордун демилгечиси Дастан Жумабеков 2013-жылга карата берилген маалымат боюнча жарыкка келген 1000 ымыркайдын 20сы бир жашка чыкпай чарчап калат. Мындан тышкары, өп-чап турмуш энелердин наристеден баш тарткан учурлары арбып баратканы жүйө келтирилет. Депутат ымыркайды өлтүрүү аракеттери катталганын, айрым келиндер энелик капиталга ээ болуу үчүн Россияга барып көз жарып, балдары ошол мамлекеттин жараны болуп калып жатканын белгилейт. 

"Ушу тапта эне-баланы колдоо жөнүндө ойлонбосок, Кыргызстандын келечеги оор болуп калат. Жаңы төрөлгөн жарандарын камсыздай албаган өлкөнү тагдыры бүдөмүк", — деп айтылат документте.

Эл өкүлү ымыркайдын ата-энесине бир жашка чыкканга чейин жөлөк пул төлөө нормасын киргизүүнү сунуштап жатат. Ага ылайык, 2018-жылдын 15-январынан 30 миң сом (айына 2500 сом), ал эми эки жылдан кийин бул сумманы 50 миңге (айына 4166 сом) жеткирүү каралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0