Өлкөдө кесиптик лицейлерге тапшыргандар көбөйүүдө

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЕжегодная акция по проверке грамотности "Тотальный диктант"
Ежегодная акция по проверке грамотности Тотальный диктант - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кесиптик лицейлерде 15 миңден ашык жаштар билим алууда.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы мезгилде кесиптик лицейден билим алууну каалагандар арбып барат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, жаштар арасында курулуш, айыл-чарба, жеңил өнөр-жай жана азык-түлүк өндүрүшүнө тиешелүү адистиктерге суроо-талап күчөп жатат. 

Баштапкы жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин директору Таалайбек Чолпонкуловдун айтымында, кесиптик билим алууга кызыккан жаштар көбөйүүдө.

"Акыркы мезгилде жумушчу кесиптерге кызыккандар арбып жатат. Быйыл айрым кесипттик лицейлердеги билим алуу үчүн бир орунга 5-6 бүтүрүүчү ат салышкан учурлар болду", — деди Чолпонкулов.

Учурда өлкөдө 100 кесиптик лицей иштеп, 80ден ашык багыт боюнча билим берет. Аларда учурда 15 миңден ашык жаштар билим алууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0