Forbes: Кыргызстан 2017-жылы туристтердин капчыгына эң ыңгайлуу өлкө болот

Жазылуу
Журнал Кыргызстанды таасирленте турган жана анчейин бааланбаган өлкө деп атаган.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Белгилүү Forbes журналы Кыргызстанды 2017-жылдагы эң арзан эс алуучу өлкөлөрдүн тизмесине киргизди.

Рейтингде жалпысынан 21 өлкөнүн эс алуу баалары каралган. Анын ичинде саякаттоого эң үнөмдүү өлкө болуп түндүк Вьетнамдын курорттору аталган. Бул курорттордун жеке секторлорунда бир турист 5 доллардан 10 долларга чейин түнөп, тамак-ашына 0,5 —2 долларга чейин сарпталат. 

Мальдивы пляжындагы эс алуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Google 2016-жылы туристтер арасында эң популярдуу 10 жерди атады
Ал эми акчаны үнөмдөп эс алган турист үчүн Кыргызстан экинчи орунда. Журнал биздин өлкө жөнүндө сөз кылып жатып Кыргызстанды таасирленте турган жана бааланбаган өлкө деп атаган. Басылманын пикири боюнча Бишкек Борбордук Азияда белгисиз шаар болуп эсептелет. 

Кыргызстандын эс алуу жайларында турист бир түнөгөнүнө 15 доллар, тамак-ашына 2 доллар төлөп жашай алат. Ал эми боз үйдө эки маал тамагы менен бир кишиге 20 доллардан айланып калат. 

Ал эми үчүнчү орунга Европанын порттук шаары Лиссабон (Португалия) илинген. Бул шаар туристтерди эски жана жаңы маданияттын айкалышуусу менен өзүнө тартып турат. 

Мындан сырткары, тизмеге Сеул (Түштүк Корея), Бухарест (Румыния), Кейп-Пойнт (Түштүк Африка), Крит (Греция), Палаван (Филиппин), Берли Хедс (Квинсленд, Австралия), Порту (Португалия) кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0